16:36, 15 октября 2019, Бишкек - 24.kg
13-октябрда Ошто 2 өспүрүм мушташа кетишкен. Алардын видеосу соцтармактарга тарады.
Автордун айтымында, окуя Ош районунда болгон. Сыртка орнотулган камерага 2 баланын мушташып жатканы тартылып калган.
Видеодо балдардын бири экинчисин ийинден арта кулатып, бет жакка урганын көрүүгө болот. Андан кийин чоң киши келип, балдарды ажыратууга аракет жасаган. Экинчи өспүрүм алган жаракатынан улам кыймылсыз жатканын көрүүгө болот.
Ош ШИИББ бул факты боюнча арыз менен эч ким кайрылбагандыгын айтты. Бирок, ИИМ текшерүү жүрүп жатканын билдирди.