Кыргызстан-Монголия. Кыргызстандык футболчулар 2:1 эсебинде жеңишке жетишти

15:56, 15 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Улан-Батор шаарында өткөн оюнда кыргызстандык футболчулар 2:1 эсебинде жеңишке жетишти. 

Фото

Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Монголия менен беттешти.

Биринчи таймда улуттук курама командадан биринчи топту Гүлжигит Алыкулов, экинчи голду Мирлан Мурзаев киргизди.

Эске салсак, буга чейин кыргыз фуболчулары Мьянманын курама командасына жети топ киргизген болчу.