12:19, 15 октября 2019, Бишкек - 24.kg
Ош шаарында 61 жаштагы кишини унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Масалиев проспектиси менен Монуев көчөсүнүн кесилишинен бүгүн саат 05:20да 1958-жылкы жаранды унаа сүзүп кеткен. Айдоочу изин жашырууга үлгүргөн, ал эми жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Бирок, алган жаракатынан улам ал каза болду.
Айдоочу издөөгө алынды.