«Апам кыйналып жатат». Айыл өкмөтүнө акыл үйрөткөн бөбөк

11:16, 15 октября 2019, Бишкек - 24.kg

«Апам кыйналып жатат» — деп айыл өкмөтүнө кайрылган баланын видеосу социалдык тармакта көпчүлүктүн купулуна толду.

4-5 жаштагы бала Найман айыл жетекчилерине барып, ачык сын айтканын белгилейт.

«Апамдын, атамдын жанында туруп, ачык эле айттым. Айыл өкмөтүн кетириш керек. Суу жок. Алыстан ташып жатабыз. Апам кыйналып кетти. Мына жайлоодон малдар да кайтууда. Кой дагы, эчки дагы суу ичет да», — дейт бөбөк.

Найман айылы Ноокат районунда жайгашкан.