Шашылыш билдирүү: катуу шамал катталышы мүмкүн

16:29, 14 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн жакынкы 1 саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаары менен Чүй өрөөнүндө ылдамдыгы секундасына болжол менен 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

ӨКМ жарандарды сак болууга чакырды.