23:55
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

«Манас» жана «Ош» аба майдандарында Туристтик борбор ачылат

Кийинки жылы «Манас» жана «Ош» аба майдандарында Туристтик борбор ачылат. Бул тууралуу Туризм департаментинин башчысы Максат Дамир уулу Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл «Манас» аба майданында «Туристтик паспорт» жана «Туристтик карта» пилоттук карта долбоорлору иштей баштады. «Аэробекетте QR- код көрнөктөрү орнотулган, туристтер аны сүрөткө тартып алып таанышса болот. Ошону менен бирге, интернетте веб-портал дагы ачылган, андан дагы туристтик жайлар тууралуу кеӊири маалымат алса болот», — деп кошумчалады Максат Дамир уулу.

Депутат Марлен Маматалиев Туризм департаментинин башчысына туристтик жайлар жана туристтик полициянын дареги жөнүндө маалыматтар камтылган китепче менен компьютердик диск салынган «туристтик баштык» тартуулады. «Мындан департамент чыгым деле тартпайт. Сумканын чыгымын кызыкдар болгон туристтик жайлардын ээлери көтөрөт», — деди ал.

Андан тышкары, Ысык-Көл облусунда кышкы туризмди өнүктүрүү долбоорун ишке ашыруу учун 10 миллион 580 миӊ сом көлөмүндөгү каражат талап кылынары, ЕАЭБ аймагында Каракол аэробекетин куруу маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек экени белгилүү болду. Ушу тапта ал аэробекет эл аралык статусуна ээ, бир дагы жарактуу учагы жок.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби