21:28
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Билим министри Казаалы Абиров атындагы орто мектепке 4 ноутбук берди

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жумуш сапары менен Нарын облусунда болду. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Алгач министр Нарын районуна караштуу Дөбөлүү айылында жайгашкан Казаалы Абиров атындагы орто мектебине барды. Кырдаалга карата түзүлгөн шарттар менен таанышып, жаңы мектеп салына турган жер аянтын көрүп, курулушту тездетүү боюнча мүмкүнчүлүктөр караларын белгиледи. 

Жолугушууда министр мектеп жамаатына окуу процесске колдонуу үчүн 4 ноутбук, окуучуларга пайдалуу окуу жана адабий китептерди белекке берди. Ошондой эле октябрдан тарта мугалимдердин айлык акысы 30 пайызга көтөрүлгөндөн кийин К. Абиров мектебиндеги ар бир педагог канча маяна ала турганы боюнча да маалымат берди.

Бул мектепте жалпы 162 окуучу билим алат. 21 мугалим жана 8 көмөкчү кызматкер эмгектенишет.

Андан кийин министр Нарын шаарындагы № 87 кесиптик лицейге барды. Окуу процесси, окуучулардын сабакка катышуусу, окуу өндүрүштүк базасы, лаборотария, цех, окуучулардын тамактануусу менен жеринде таанышып, мугалимдер менен пикир алышты.

Эң көп окулган жаңылыктар