Эртең Бишкекте муздак суу берилбейт. Тизме

11:57, 14 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Эртең Бишкекте муздак суу өчөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, оңдоо иштерине байланыштуу саат 9дан кечки 6га чейин Манас, Чүй, Жибек Жолу проспектилери, Турусбеков, Журнал, Баялинов, Рыскулов, Фучик көчөлөрү жана Ала-Арча суусу, темир жол линиясы менен чектеш аймактарда суу берилбейт.

Эртең төмөнкү бала бакчалар жана мектептер иштебейт:

  • № 73, 58, 72, 8, 165, 167, 22 бала бакчалар, «Жылдыз»;
  • № 164 атайын бала бакча;
  • № 68, 31, 9; 13, 8, 2, 19 мектеп.