Бишкек жана Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өнөктүгү качан боло турганын Боршайком 24.kg агенттигине айтып берди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык кеңешинде шайлоо кампаниясы 2021-жылдын апрелинде, ал эми Ошто 2020-жылдын жазында өтөт.
Эске салсак, Бишкек шаардык кеңештин мүчөлөрү 2016-жылдын 11-декабрында шайланышкан.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын иштөө мөөнөтү 2020-жылдын акырында аяктайт, мындан улам шайлоо 2021-жылдын апрелинин биринчи жекшембисинде өтөт.
Ош шаардык кеңешинин депутаттары 2016-жылдын мартынын акырында шайланышкан, бул чакырылыштын мөөнөтү февралдын акырында аяктайт.