Ага ылайык, бир килограмм ун 1400 сумдан (15 цент) 2000-2500 сумга (21-26 цент) чейин кымбатташы ыктымал.
Буга байланыштуу аз камсыз жана көп балалуу үй-бүлөлөргө берилүүчү компенсациянын өлчөмү жогорулап, айына 50 миң сумга жетет (5,3 доллар). Расмий маалыматка караганда, Өзбекстанда жөлөкпул алчулардын жалпы саны 1,6 миллион адам.
Акыркы жолу Өзбекстанда нан бир жыл мурда кымбаттаган. Ага чейин көптөгөн жылдар бою бир бөлкө нан 600-650 сум болчу.