Окурман: Байтик Баатыр көчөсүнүн жээгинде бак-дарактарды кыркып жатышат

10:35, 14 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Орто-Сай айылына жакын Байтик Баатыр көчөсүнүн жээгинде бак-дарактарды кыркып жатышат. Бул тууралуу Фейсбук баракчасына Аида Миркаримова аттуу колдонуучу жазган.

«Бак-дарактарды кандай негизде кыркып жатышат, билсек болобу?», -деп суроо салган ал.

«Бишкекжашылдандыруучарбасынын» басма сөз катчысы Аида Айдаралиеванын айтымында, бак-дарактарды түбүнөн кыйышкан жок. «Веложол үчүн астынкы бутактарын кыркып жатышат», -дейт Аида Айдаралиева.