USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

Егор Паньшиндин өлүмү. Ал өз өмүрүнө кол салган болушу мүмкүн деген божомол бар

08:54, 14 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги «Асанбай» кичирайонундагы токой багында майрамдык иш-чаралардын уюштуруучусу, 44 жаштагы Егор Паньшиндин жансыз денеси табылды. Маалыматты 24.kg агенттигине ШИИББ тастыктады.

Октябрь РИИБнын маалыматына таянсак, окуя болгон жерге ыкчам топ келген маалда тизелеп отурган жансыз денени табышкан. Анын мойнунда электр узарткычы оролуп, бир учу бакка байланып турган. Алдын ала маалыматка ылайык, Паньшиндин акыркы убактарда ишинде көйгөйлөрү жана карыздары болгон.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Егор Паньшиндин жакындарынын айтымында, ал эртең менен чуркаганы кетип, кайра кайтып келген эмес.

Ал Кыргызстанда Encounter форматындагы укмуштуу, чыгармачыл, интеллектуалдык оюндарды негиздеп, шаардык түйүндөрдү өнүктүргөн.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика