14:08
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Айбек Черикчиев: Алгачкы кичинекей кардарым -ырчы Омардын кызы

Дизайнер Айбек Черикчиев 6 жылдан бери шоу-бизнес өкүлдөрүнүн тилин таап, табиттерине ылайык кийимдерди тигип берет. Анын айтымында, ырчылардын 90 пайызы кайрылат.

Учурда Айбек студент, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин дизайн факультетинин акыркы курсунда окуп жатат.

Айбек Черикчиевдин жеке архивинен алынды
Фото Айбек Черикчиевдин жеке архивинен алынды

Ал 24.kg агенттигине өнөрү тууралуу айтып берди.

— Жакында эле ырчы Бек Борбиевдин жанында түшкөн сүрөтүңүз жарыяланды, кийим тигип бердиңизби?

— Мен негизи шоу-бизнес өкүлдөрүнүн 90 пайызын кийинтем. Негизги кардарларым ырчылар Асел Кадырбекова, Гүлнур Сатылганова, Толгонай Арзыкеева, Баястан. Бек Борбиев жеке концертинде кийген сахна кийимдерин толугу менен тигип бердим. Аябай жактырды. Сахнага чыккандан бери экинчи жолу тиктирип жатыптыр. Көбүнчө сатып алып эле кийчү экен.

Мен жалаң эле атактууларды эмес, катардагы элди дагы кийинтем. Тапшырыктар чет өлкөдөн интернет аркылуу келип турат. Кээ биринин туугандары четте жашайт, алар кийимдеринин өлчөмүн ченеп салып ийишет, бул жактан тигип кайра жөнөтүп коебуз. Башка улуттардан тапшырык кылгандар деле бар, бирок чет жерде жашаган кыргызстандыктар басымдуу кылат.

Кийимдерим Англия, Франция, АКШ, Испания, Орусия, Казакстанга чейин сатылды.

— Инстаграмдагы баракчаңызга «менин колума түштү» дебей, «шайтандын колуна түштү» деп жазыпсыз, себеби эмнеде?

— Буга чейин киргизген сүрөттөргө «кыргыздын кыздарын ачык кийүүгө чакырган «шайтан» сиз турбайсызбы» деп бирөө жазыптыр. Тамаша ирээтинде продюсер Миргүл Эсеналиеваны «шайтандын колуна түштү» деп жазып койгом. Мурда Миргүл Эсеналиева жабык кийинип жүрчү экен, ачык кийбейм дегенде, «мен эмне тигип берсем ошону киесиз» деп сүйлөшкөнбүз. Мен өзүм фасону өзгөчө, башкаларга окшобогон, ачык түстөрдү камтыган кийимдерди жактырам.

Айбек Черикчиевдин жеке архивинен алынды
Фото Айбек Черикчиевдин жеке архивинен алынды

Бир күндө жок дегенде 2-3 тапшырык болот, дем алышсыз иштейбиз. Көпчүлүк кече, үлпөт көйнөктөрүн, кыз узатууга ылайыктуу кооз көйнөктөрдү суранышат.

Башка жаш дизайнерлерден айырмачылыгым — баштан аяк өзүм тигемин.

Ачык түстөргө, айрыкча кызыл, сары, көккө басым жасайм. Анан кардардын табитине да карап, өзүм жактырган өңдөрдү таңуулай бербейм. Кээде нааразы болгондор болот, беш кол тең эмес. Албетте, кардардын каалоосун аткарабыз.

Материалдарды болсо сатып алабыз, тапшырык да беребиз. Бишкекте көп дүкөндөр бар, Түркия, Франция, Италиядан жакшы материалдар келет. Жибек, шифон, пахта, синтетика менен аралаш иштей берем.

— Ассоль Молдокматованы сиздин колдон жаралган кийимдерди жактырат дешет?

— Ассоль Молдокматова менен көптөн бери иштешип жүрөбүз. Орусиялык модельер Вячеслав Зайцев келгенде Ассоль айымдын кийимдеринин баарын менин командам даярдап бергенбиз. Ал «Зайцев келе жатканда эле сага тиктирем деп дароо эле ойлогом. Анын жакшы көргөн түсү кызыл, сен дагы кызылды жактырасың, кечеге көйнөктү сен тигип бер» деген. Канча каражат кеткени эсте жок, бирок кызыл килемде кийген көйнөгүн 3 саатта тигип бергенбиз. Зайцевдин келгенине карата жалпы 5 көйнөк даярдаганбыз.

Айбек Черикчиевдин жеке архивинен алынды
Фото Айбек Черикчиевдин жеке архивинен алынды

— Бир күндө канча кийим тигесиздер?

— Бир кийимди 2-3 күндө тигебиз. Эң кыска убакта, 2 саатта бир көйнөк тиккеним эсимде. Ал эми эң узак, үлпөт көйнөгүн бир айда тиккенмин. Кол менен жасала турган иштерден улам созулуп кетет.

Алгач апама, карындашыма кийим тигип үйрөнгөнмүн. Шоу-бизнестен биринчилерден болуп ырчы Гүлнур Сатылгановага пайетка менен кооздолгон костюм тигип бергенмин.

— Сынактарга катышып жүрөсүзбү?

— Мындан 3 жыл мурун Кыргызстанда жаш дизайнерлер арасындагы сынакта 1-орунду алганмын. Анда АКШдан чакырык түшкөн. Бирок, виза ала албай, барбай калдым. Кийин Вячеслав Зайцев келгенде дагы «иштериң жакты» деп иштешүүгө чакырды. Балким 2 жыл мурун чакырса бармакмын, азыр чет өлкөдө көп чыккым келбейт.

Студиябыз бар, бирок бренд негиздеген эмесмин. Менин атыма эле шилтеп жүрүшөт. Башка дизайнерлер менен пикир алмашып тажрыйба алып, чет өлкөлүк кесиптештерим менен да кеңешип турам.

Тапшырыктар көп. Негизи биздин кызмат өтө кымбат эмес. 3 миң сомдон жогору. Ал эми эң кымбат кийимди — 300 миң сомго тиккенмин.

— Кичинекейлерге дагы тапшырык бергендер болобу?

— Ооба, эң кичинекей кардарыбыз −3 айлык наристе болгон. Ал ырчы Омардын кызы.

Айбек Черикчиевдин жеке архивинен алынды
Фото Айбек Черикчиевдин жеке архивинен алынды

Мындан тышкары ырчылар Нурлан Насип, Арсендин кыздары дагы менин колумдан жаралган кооз көйнөктөрдү кийишти. Эне-кыздарынын кийимдерин окшош кылып тигип бердик. Ошондон кийин суроо-талап көп түшө баштады. Анткени Кыргызстанда 1 жашка чейинки балдарга тиккендер аз экен.

Кээде тапшырыктын көптүгүнөн баш тарткан учурлар болуп калат. Учурда студияда 4 киши эмгектенебиз.

— Ийне кармаган эркекке мүнөздүү эмес деп, кесибиңизге байланыштуу сын айткандар болобу?

— Мага дизайнердин кесиби жагат. Бул менин балачактан бери кыялданып келген кесибим. Мисалы, бирөө келип мага милиция бол десе эле боло албайм да. Кичинемде кол өнөрчүлүккө болгон кызыгуум артып, апамдын көйнөгүн, атамдын рубашкаларын кескилеп тил уккан учурларым болгон.

Бир жолу куурчакка көйнөк тигип атып, кур керек болду. 1-сентябрга жакын болчу, үйдөгүлөр карындашымды базарга алып барып кийиндирип келишкен. Бутуна туфли сатып беришиптир, анда мага керектүү боосу бар экен. Жаңы буюмду бүлдүрүп, боосун кесип алып тил укканым эсимде...

Айбек Черикчиев

— Келээрки жылы Түркияда өтө турган «Көчмөндөр оюндарына» чакыруу келди дедиңиз, катышасыздарбы?

— Былтыркы «Көчмөндөр оюндарына» катышканбыз. Этно чапандарды алып барган элек, чет өлкөдөн келген күйөрмандар саткыла дегенинен 10 чапандын сегизин сатып, экөөсүн Бишкекке алып келгенбиз. Түркияга чакыруу келди, бирок убактыбыз болгондуктан баш тарттык. Жакында ири көргөзмө уюштурабыз, ошого катуу даярдык көрүп жатабыз.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума