Министрлик: Октябрда жалпы киреше 12 миллиард 241,6 миллион сомду түзмөкчү

09:39, 11 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 12 миллиард 241,6 миллион сомду түзмөкчү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, салыктык кирешелер — 11,6 миллиард сомду, салыктык эмес кирешелер — 640,9 миллион сомду түзмөкчү.

«Ошол эле мезгилде республикалык бюджеттин чыгашасы 11 миллиард 165,7 миллион сом болмокчу», -деп айтылат маалыматта.