Чүй облусундагы «Рух-Ордо» калктуу конушунда 40 жаштагы киши 17 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Кылым шамы» укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдирасулова билдирди.
Анын айтымында, 7-октябрда өспүрүмдүн ата-энеси жумушка кетип, жазгыз калган. Бул учурдан пайдаланып 40 жаштагы коңшусу бычак менен коркутуп зордуктоого аракет жасаган.
«Кыздын ата-энеси арызды Аламүдүн РИИБга жазышкан, бирок эч кандай тергөө аракеттери көрүлгөн эмес. Кыздын денесинде бычактан алган тилик бар. Анын айтымында, шектүү бычакты мойнуна такаган. Тергөөчү соттук-медициналык экспертиза дайындаган эмес, шектүүнү дагы кармаган жок. Кыздын ата-энесине ар тараптан коркутуулар келип түшүүдө. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине зордуктоого аракет кылган деп эмес, бейбаштык деп катталган», -деди Азиза Абдирасулова.