22:07
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Чүйдө 40 жаштагы киши өспүрүм кызды зордуктоого аракет кылган

Чүй облусундагы «Рух-Ордо» калктуу конушунда 40 жаштагы киши 17 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Кылым шамы» укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдирасулова билдирди.

Анын айтымында, 7-октябрда өспүрүмдүн ата-энеси жумушка кетип, жазгыз калган. Бул учурдан пайдаланып 40 жаштагы коңшусу бычак менен коркутуп зордуктоого аракет жасаган.

«Кыздын ата-энеси арызды Аламүдүн РИИБга жазышкан, бирок эч кандай тергөө аракеттери көрүлгөн эмес. Кыздын денесинде бычактан алган тилик бар. Анын айтымында, шектүү бычакты мойнуна такаган. Тергөөчү соттук-медициналык экспертиза дайындаган эмес, шектүүнү дагы кармаган жок. Кыздын ата-энесине ар тараптан коркутуулар келип түшүүдө. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине зордуктоого аракет кылган деп эмес, бейбаштык деп катталган», -деди Азиза Абдирасулова.

Эң көп окулган жаңылыктар