Милиция Москва районундагы жол кырсыгына күбө болгондордон жардам сурайт

14:40, 10 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Милиция Москва районундагы жол кырсыгында жөө жүргүнчү каза болгон окуяга күбөлөрдү издеп жатат. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-октябрда болжол менен саат түнкү 2де Александровка-Асылбаш айылдарынын 7-чакырымында белгисиз унаа жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Кесепетинен 26 жаштагы А.М. окуя болгон жерде каза болгон.

Чүй ОИИББ кокусунан окуянын күбөсү болуп калгандардан 0312446422, 0707758720 телефон номурларына байланышка чыгууну суранат.