15:15
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ошто 9 жана 12 жаштагы бир тууган кыздарды унаа сүзүп кетти

Ош шаарында 9 жана 12 жаштагы бир тууган кыздарды унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Араван районунун 1998-жылы туулган тургуну «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып бир тууган кыздарды сүзүп кеткен. Кесепетинен жабырлануучулар облустар аралык бириккен клиникалык балдар ооруканасына жеткирилди.

Окуя кечээ Масалиев проспектисинде болгон. Кыздардын абалы орто деп бааланууда.


Эң көп окулган жаңылыктар