Чүйдө «Хизб ут-Тахрир» кыймылынын тарапташтары кармалды

10:15, 10 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» кыймылынын 48 жаштагы тарапташы кармалды. Ал социалдык тармактарга экстремисттик мүнөздөгү материалдарды таратып жүргөн. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүүнүн үйүн тинтүү маалында кыймылдын үгүттөөчү китептери, баракчалар жана брошюралар табылды.

Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө экстремисттик уюмдун дагы башка тарапташтары аныкталды. Алар жарандарды үгүттөө менен алектенип жүрүшкөн. Шектүүлөрдүн биринин үйүнөн 6 китеп, 19 баракча табылды.