Бүгүн Бишкектеги айрым мекемелеринде жана турак үйлөрдө ысык суу берүү чектелет

09:34, 10 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Бишкектеги айрым мекемелеринде жана турак үйлөрдө ысык суу берүү чектелет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, саат 9дан кечки 6га чейин ысык суу берилбейт.

Ысык суу төмөнкү даректерде болбойт:

• № 5 мончодо;
• № 141 бала бакчада;
• Айни көчөсү № 201, 209;
• Осмонов, № 101;
• Кривоносов, № 103, 15;
• Циолковский, № 69, 86, 86а, 92, 90;
• Тернопольская, № 8а;
• № 4 шаардык ооруканада.