Ок чыгарган. Бишкек ШИИББ Нурлан Амангуловдун катышуусундагы окуяны түшүндүрдү

08:55, 10 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек ШИИББ Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшү боюнча бөлүмдүн башчысы Нурлан Амангуловдун катышуусунда болгон окуяга түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 8:20да милицияга Масалиев менен Алымкулов көчөлөрүнүн кесилишинде мушташ болду деген билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге келген милиция 2 айдоочунун жол талашып жатканына күбө болгон.

««Toyota Camry» унаасынын айдоочусу унаадан чыгып өзүн милиция катары тааныштырган. Нурлан Амангулов ишке шашып бара жатканын айткан. Экинчи айдоочу 25 жаштагы Ж.А. «Toyota Remix» унаасынан түшүп, милициянын айтканын тоготкон эмес. Ортодо пикир келишпестик жаралып, экинчи айдоочу Нурлан Амангуловду колу менен бетке чаап жиберген. Колунда белгисиз буюм болгон. Милиция өз өмүрүнө кооптулук жаралганын көрүп, травматикалык тапанчасын алып чыгып эскертүү ирээтинде асманга ок чыгарган. Бирок, Ж.А. токтоп калган эмес, ошондо Нурлан Амангулов Ж.А. тарапты көздөй ок аткан. Ж.А. унаасына отуруп белгисиз жакка качып кеткен», -деп айтылат маалыматта.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Ж.А. Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна кайрылганы маалым болду. Ошондой эле ал кат жүзүндө арыз менен Ленин РИИБга кайрылган. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Эске салсак, кечээ Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшү боюнча бөлүмдүн башчысы Нурлан Амангулов бир кишини атып салды деген маалымат тараган.