15:21, 09 октября 2019, Бишкек - 24.kg
14-октябрдан 16сына чейин Бишкектин «Аламүдүн-1», «Энергетиктер шаарчасы», «Куруучулар шаарчасы» жана Калинин, Садовая, Токмок жана Жеңиш проспектиси менен чектеш аймактарда жаратылыш газын берүү чектелет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Оңдоо иштерине байланыштуу 7 миң 575 абонент газсыз калат.