16:34
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Туруксуз аба ырайына байланыштуу милиция айдоочуларды сак болууга чакырат

Туруксуз аба ырайына байланыштуу айдоочулар Төө-Ашуу жана Суусамыр өрөөнүнөн өтүп жатып сак болушу керек. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы эскертет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, аталган аймактарда кар жаап жатат.

«Айдоочулар унаалар арасындагы 500 метр аралыкты сактап, дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алышсын. Ошондой эле тайгалактан сактоочу чынжырларды сала жүрүү сунушталат», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар