Борбор калаадагы көп кабаттуу үйдөн кулап түшкөн баланын абалы оор

11:48, 09 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Коёнкөзов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн 5-кабатынан кулап түшкөн 16 жаштагы баланын абалы оор. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өспүрүм № 3 балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Эске салсак, кечээ көп кабаттуу үйдөн 16 жаштагы бала кулап кеткени жарыяланган.