Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча Эйр Манас авиакомпаниясынын каттамы иштеген жок

10:55, 09 октября 2019, Бишкек - 24.kg

«Манас» жана «Ош» аба майдандарында бүгүн Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча «Эйр Манас» авиакомпаниясынын баардык каттамдары иштеген жок. Бул тууралуу 24.kg агенттигине учакта уча албай калган жүргүнчүлөр билдиришти.

«Манас» эл аралык аба майданы маалыматты тастыктады. Техникалык себептерден улам 6 каттам аткарылбай калган.

Техникалык себептер жоюлгандан кийин каттамдар иштеп баштайт.