09:44, 09 октября 2019, Бишкек - 24.kg
Эртең Бишкекте Жунусалиев, Чайковский, Айни, Толстой, Бах жана Космическая көчөлөрү менен чектеш аймактарда муздак суу токтойт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине байланыштуу суу саат 9дан кечки 5ке чейин берилбейт.