Робин Орд-Смиткыргыз өкмөтүнүн инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча аракеттерин колдой турганын айтып, жергиликтүү бизнес-коомчулук бизнести коргоодо жетиштүү тажрыйбага ээ экенин белгиледи. Мындан тышкары ал Улуу Британиянын жараны экенине карабастан, чет өлкөлүк жана жергиликтүү ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын кошумчалады.
Өз кезегинде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чет өлкөлүк жаранды бизнес-акыйткачы кылып дайындоо — кыргыз экономикасына акча салууну каалаган инвесторлорго ишеним берерин белгиледи.
53 жаштагы Орд-Смит Британиянын Кыргызстандагы элчиси болуп 2015-жылдын июнь айынан 2019-жылдын башына чейин иштеген. Быйыл 19-июнда өкмөттүн, Евразия реконструкция жана өнүктүрүү банкынын жана беш бизнес-ассоциациянын өкүлдөрүнөн турган байкоочу кеңеш Робин Орд-Смитти бизнес-акыйкатчы кызматына шайлаган. 15-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аны бул кызматка дайындоо тууралуу буйрукка кол койгон.
Бизнес-акыйкатчы институтун түзүүгө жана анын ишмердүүлүгүнө 1,5 миллион евро жумшалат. Каражатты Евразия реконструкция жана өнүктүрүү банкы бөлөт.