17:53, 08 октября 2019, Бишкек - 24.kg
Кыргыз-казак чек арасында жайгашкан «Чалдовар автожолу» контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жерден түрмөктөлгөн кездеме жана жасалма комплекстүү жиптерди мыйзамсыз алып келүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1,6 миллион сомго 26,1 тонна түрмөктөлгөн кездеме жана 1 миллион сомго жакын суммадагы 21 тонна жасалма комплекстүү жиптерден кездеме алып өтүүгө аракет кылган айдоочулар кармалган.
Импорттоочуларда электрондук эсеп-фактуранын кагаз көчүрмөсү Казакстандын салык органынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн эмес, ошондой эле СТ1 формасындагы товарлардын келип чыгуу сертификаты жок болгон.