16:14
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

8 миң долларлык буюм уурдашкан. Жайыл районунда 4 өспүрүм 2 кылмышка шектелүүдө

Жайыл районунда 4 өспүрүм 2 кылмышка шектелүүдө. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-октябрга караган түнү Кара-Балтада белгисиз бирөөлөр коммерциялык банктардын биринин банкоматын талкалап кетишкен. Аталган окуяга шектелип өспүрүмдөр кармалды.

Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө өспүрүмдөрдүн дагы бир кылмышка тийиштиги бар экени аныкталды. Алар 3-октябрда дүкөндөрдүн биринин эшигин талкалап, 8 миң долларлык буюмду жана 76 миң 620 сомду уурдап кетишкен.

Шектүүлөрдүн бири кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар