13:51, 08 октября 2019, Бишкек - 24.kg
Жайыл районунда 4 өспүрүм 2 кылмышка шектелүүдө. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 3-октябрга караган түнү Кара-Балтада белгисиз бирөөлөр коммерциялык банктардын биринин банкоматын талкалап кетишкен. Аталган окуяга шектелип өспүрүмдөр кармалды.
Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө өспүрүмдөрдүн дагы бир кылмышка тийиштиги бар экени аныкталды. Алар 3-октябрда дүкөндөрдүн биринин эшигин талкалап, 8 миң долларлык буюмду жана 76 миң 620 сомду уурдап кетишкен.
Шектүүлөрдүн бири кармалды.