08:34
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ош облусунда мал уурулукка шектелгендер кармалды

Ош облусунда мал уурулукка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-августта Ноокат РИИБге 1976-жылы туулган тургун Көк-Бел айылындагы адырда бош жүргөн уюн жана торпогун белгисиз адамдар уурдап кетишкенин билдирген. Шектүү катары Ноокат районунун 1965-жылы туулган тургуну А.Д. кармалды. Ал уурдалган малдарды 19-августта Өзгөн районунун Прогресс айылындагы мал базарда сатып жибергенин айткан. Уурдалган малдар колдон колго өтүп кетип, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы мал базардан табылды.

29-сентябрга караган түнү Өзгөн районунун 1994-жылы туулган тургуну Кара-Кулжа районунун тургуну Н.Б.нын 3 баш малын жайытта жүргөн жеринен жашыруун «Хундай Портер» үлгүсүндөгү унаасына жүктөп, Жалал-Абад облусуна бара жаткан жеринен кармалган.

Учурда шектүү А.Д. жана Ш.Э. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума