Бишкектин айрым райондорунда 2 күн бою жаратылыш газы берилбейт

09:58, 08 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектин айрым райондорунда 2 күн бою жаратылыш газы берилбейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, оңдоо иштерине байланыштуу 9-11-октябрь күндөрү Васильев, Манас, Көкче-Тоо, Түлебердиев жана М. Ганди көчөлөрү менен чектеш аймактарда жаратылыш газы берилбейт.