05:03
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Эки адамдын өлүмүнө шектелип жаткан Сергей Смирнов эл аралык издөөгө алынды

Ысык-Көл облусундагы «Хан-Теңири» лагериндеги 2 адамдын өлүмүнө шектелип жаткан Сергей Смирнов эл аралык издөөгө алынды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүүнүн изине түшүүгө мүмкүн болгон жок. Окуя 5-июлда Ак-Суу районунда болгон. Турбазанын кызматкерлеринин бири 2 кишини атып, бир кызматкерин барымтага алган. Кийинки күнү ал барымтадагы аялды кое берген, ал жабыркаган эмес.

Сотко чейинки иликтөө иштери уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар