Азимбек Бекназаров: Оппозициялык партия түзө албайм, анткени каражат жок

15:15, 07 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Мурунку башкы прокурор, жакындан бери журналист болуп иштеп жаткан Азимбек Бекназаров парламентке эмне себептен ат салышпай турганын ачыктады.

Ал маалымат жыйында партияга аны эч ким алгысы келбегенин айтты. Өлкө аймагында жана сыртында аны эч ким колдобогонун кошумчалады.

Бийлик партиялары мени алышпайт. Ал эми оппозициялык партия түзө албайм, анткени каражат жок.

Азимбек Бекназаров

Азимбек Бекназаров реалист экенин белгиледи. «Мен жаш эмесмин, өз мүмкүнчүлүгүмдү билемин. Өз көз караштарыбыз менен эч кимге керегибиз жок», -деди ал.