Кадамжайда шахтадан өз алдынча көмүр кенин казып жаткандар каза болду

10:14, 07 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Кечээ Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда шахтадан өз алдынча көмүр кенин казып жаткан тургундар каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя жана Ноокат районунун жашоочулары А.А., М.Т., жана Т.Б. болжол менен саат 13:00дө шахтага түшүп кеткен боюнча чыккан эмес.

Куткаруучулар келгенде алар иске ууланып каза болгону аныкталган. Маалым болгондой, аталган жарандар 35-40 метр тереңдикте иштешкен.