Бишкектиктер Профсоюз көчөсү боюнча коомдук унаа жүргүзүүнү суранышат

17:11, 04 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектиктер Профсоюз көчөсү боюнча коомдук унаа жүргүзүүнү суранышат. Бул тууралуу окурман 24.kg агенттигине жиберди.

Ал 2017-жылы Бишкек мэриясы Профсоюз көчөсүн ачып, Фучик жана Кустанай көчөлөрү менен байланыштырганын айтат.

«Жолду мыкты кылып салышкан, аялдамаларды орнотушкан, бирок коомдук унааларды жүргүзүшкөн эмес», -дейт окурман.