«Азаттыктын» операторунун денесинен эч кандай жаракаттын издери табылган жок

16:37, 04 октября 2019, Бишкек - 24.kg

«Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановдун денесинен эч кандай жаракаттын издери табылган жок. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Ош ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай корутундуну соттук-медициналык экспертиза чыгарды.

«Матраимовдордун үй-бүлөсүндө иштеген багбандын денесинен жеңил жаракат алгандыгы аныкталды. Жабырлануучу Райымбек Матраимовдун тууганы эмес», -деп билдиришти ШИИББдан.

Эскерте кетсек, 28-сентябрда Ошто «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов Раим-миллион катары таанылган Райымбек Матраимовдун үйүнүн жанынан видео тартып жаткан. Бул убакта үйдүн аймагынан бир канча киши чуркап чыгып, журналисттин колун толгоп дрондун пультун, телефонун жана камерасын тартып алышкан.