02:56
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Ош—Бишкек жолундагы кырсыктан эки аял мерт кетти

Ош-Бишкек жолундагы кырсык эки адамдын өмүрүн кыйды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Майлуу-Суу шаарынын тургуну «Дэу-Матиз» үлгүсүндөгү унаасы менен Ошко бара жатып, каршы тилкеге чыккан «Хонда-CRV» үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Кесепетинен «Дэу-Матиз» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, 1983-жылы туулган Д.С. жана жүргүнчүсү, 1981-жылы туулган К.К. окуя болгон жерде каза болушкан.

Ошол эле унаанын дагы бир жүргүнчүсү жана «Хонда-CRV2» унаасынын айдоочусу Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жеткирилген.



Эң көп окулган жаңылыктар