12:58
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкекте 13 жаштагы Мадина Киемова изделип жатат

Бишкекте 13 жаштагы Мадина Киемова изделүүдө. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 28-сентябрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

Өспүрүм көк түстөгү спорттук кофта, кара джинсы шым, бутуна ак түстөгү бут кийим кийип жүргөн.

Өзгөчө белгилери: бою 163-165 см, салмагы 50-55 кг, орточо дене түзүлүштө. Чачтары күрөң, узун, көзү күрөң түстө. Мадина тууралуу маалыматты билгендер болсо 0312561752, 0554102148, 0705999953, 0703102261, 0312563248 же 102 номуруна кайрылса болот. 

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби