08:52
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Германиядан Стамбулга учуп келген кыргызстандык кыз изделүүдө

Стамбулда Данияр кызы Айчүрөк изделүүдө. Бул тууралуу анын жакындары социалдык тармакка жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 24 жаштагы Айчүрөк 1-октябрда Франкфурт шаарынан Turkish Airlines авиалиниясы менен Стамбулга учуп келген.

«Ал Стамбулга түнкү 11.10 түшкөн. Аэропортто паспорттук көзөмөлдөн өткөн эмес. Аэропорттон сүрөттөрүн алдык. Андан кийин кайда кеткени белгисиз. Айчүрөк депрессияга түшүп, маанайы жок болчу», — дейт жакындары.

Жакындары Кыргызстандын Түрциядагы элчилигине, полиция кызматына кабарлаган.

Ал боюнча маалыматтарды +996704444758 телефону аркылуу билдирүүгө болот.

Эң көп окулган жаңылыктар