09:37, 04 октября 2019, Бишкек - 24.kg
УКМКнын тогузунчу кызматынын башчысы Дамир Мусакеевди жазасын өтөө үчүн Чүй облусуна караштуу Молдовановка айылындагы № 27 түзөтүү мекемесине которушту. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ЖАМКтан билдиришти.
Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Свердлов райондук соту аны 5 жылга эркинен ажыраткан.
Аскер прокуратурасы буга чейин мыйзамсыз баюу беренеси боюнча Дамир Мусакеевге кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн билдирүүсүндө, 2010-2017-жыл аралыгында ал жалпысынан 20 миллион сомго кыймылсыз мүлк сатып алган.
Дамир Мусакеев 2018-жылдын 4-апрелинде кызматтан алынган. Ага 31-март күнү КСДПнын курултайы өткөн «Орион» отелинин коопсуздугун Дамир Мусакеев өзү камсыз кылгандыгы себеп болушу мүмкүн экендиги айтылган. Мындан тышкары ага мыйзамсыз батир берүү айыбы коюлган.