17:35
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Дамир Мусакеевди жазасын өтөө үчүн № 27 түзөтүү колониясына которушту

УКМКнын тогузунчу кызматынын башчысы Дамир Мусакеевди жазасын өтөө үчүн Чүй облусуна караштуу Молдовановка айылындагы № 27 түзөтүү мекемесине которушту. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ЖАМКтан билдиришти.

Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Свердлов райондук соту аны 5 жылга эркинен ажыраткан.

Аскер прокуратурасы буга чейин мыйзамсыз баюу беренеси боюнча Дамир Мусакеевге кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн билдирүүсүндө, 2010-2017-жыл аралыгында ал жалпысынан 20 миллион сомго кыймылсыз мүлк сатып алган.

Дамир Мусакеев 2018-жылдын 4-апрелинде кызматтан алынган. Ага 31-март күнү КСДПнын курултайы өткөн «Орион» отелинин коопсуздугун Дамир Мусакеев өзү камсыз кылгандыгы себеп болушу мүмкүн экендиги айтылган. Мындан тышкары ага мыйзамсыз батир берүү айыбы коюлган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума