Мугалимдер күнү. Атактуулар окуучулук күндөрүн эскеришет

10:45, 04 октября 2019, Бишкек - 24.kg , Элеонора КЫДЫРОВА

Жыл сайын 5-октябрда дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөлөрүндө Мугалимдер күнүн белгилешет. Бул майрам 1994-жылы негизделген.

Фото Интернеттен алынды

Статистикага таянсак, былтыр республиканын билим берүү чөйрөсүндө өлкөнүн калкынын 9 пайызга жакыны эмгектенген. Азыркы убакта Кыргызстанда 4 миңден ашуун мектепке чейинки, жалпы билим берүү, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдары иштейт. Андагы 1,7 миллион тарбиялануучуларды, окуучуларды жана студенттерди тарбиялоону жана билим берүүнү 108 миңге жакын педагогдор камсыз кылат.

Эң кеңири тараган жана талап кылынган кесиптердин бири болуп педагогдун кесиби эсептелет, алардын арасынан олуттуу бөлүгүн мектеп мугалимдери түзөт. Кесиптик майрамына карата ыраазычылыктарды 78 миңге жакын жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдери угушат, анын ичинен 22 миң шаардык, 56 миңге жакын айыл жерлериндеги мугалимдер.

Мугалимдик кесип салттуу түрдө аялдардын кесиби катары эсептелет. Мектептерде аял мугалимдердин пайызы эркек мугалимдерге караганда кыйла жогору.

Жалпы билим берүүчү мектептердеги мугалимдердин жалпы санынын 85 пайызын аялдар түзөт, алардын 28 пайыздан ашыгы директордун жана директордун орун басарынын кызматын аркалашат.

Айрым атактуулар окууучулук күндөрүнө байланыштуу эсте калган учурларын жана эскерүүлөрүн 24.kg агенттиги менен бөлүштү.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Күмөндөр Абылов, куудул:

— Биринчи мугалимим Түпөл Макеналиевдин көзү тирүү, азыр 98ге чыкты. Ал киши менин ата-энемди да окуткан. Ден соолугуна байланыштуу согушка барган эмес. Мени 1-класста окуткан, бирок 3 ай окугандан кийин Нарын шаарына көчүп кеттик. Ал убакта шаардагы мектептер толуп калыптыр, ошол жылы уланта албай калдым. Кийинки жылы кайра 1-классты окумай болдум. Бир күнү менин биринчи мугалимим Нарынга барып калып, атама кезигип калат. «Уулуң кандай окуп жатат?» десе «Уулум кайра эле 1-класстан окуганы жатат» дейт. Агайым менин жакшы окуганымды билчү, андыктан «Жакшы окуган бала сабактарынан жетишет, теңтуштарынан калбасын. Андан көрө Учкунга алып барып кайра мага бер, 2-классты окутам. Кийинки жылдан баштап кайра бул жакта окуп алат» деген.

Мектепти 8-класска чейин жакшы окудум. Күбөлүктө бир дагы 3 деген баа жок эле.

— Съездбек Искеналиев, ырчы:

— Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Кызыл-Дөбө айлындагы орто мектепте окугам. Биринчи мугалимим -Салый эжей. А деген тамганы тааныткан, ушул деңгээлге жетүүмө салымын кошкон дал ошол окутуучум. Биринчи класска салт болгондой 1-сентябрда барган эмесмин, айдын ортолорунан тарта окуп баштагам. Ал кезде бала бакчага барчумун, 6 жашка келди деп чыгарып салгандан кийин "мектепке барам«деп атып чыр салып атып окууга киргем.

Адилет Усубалиев, актер:

— Биринчи мугалимим -Айсалкын эжей. 1-класста коңгуроо какканым али эсимде. Салтанаттуу линейкада турганда мени алып чыгышып коңгуроону колума карматканда бир чети таң калып, бир чети аябай кубангам.

Айбек Карымов, ырчы:

— 1-класска 1976-жылдын ноябрында баргам. Тоолуу Токтогул районундагы Сары-Камыш айылында чоң атам менен чоң энем мага эрте эле окуганды үйрөтүшкөн. 6 жашта китепти шар окуп, жакшы жазчумун. Чоң атамдарга мугалимдер келип «балаңар 1-сентябрда окууга барсын» десе, «балдарыңар а деген арипти тааныгыча биздин балабыз барып калат, кааласаңар окутуп, жаздырып көргүлө» дешкен. Менин окуганымды көргөн мугалимдер «шашпай эле барсын» деген жообун беришкен. Элдер жайлоодон түшкөндөн кийин ноябрдын башында мектеп босогосун аттагам. Ал учурда классташтарым араң тамганы жазганды үйрөнүп калышыптыр.

Назел, ырчы:

— Кара Балта шаарындагы № 2 орто мектепте окуганмын, биринчи мугалимимдин аты- Дарья Чокоевна. Мектепке байланыштуу бир окуя такыр эсимден кетпейт, классташ бир кызыбыз катуу кыйкырып ырдаганда мойнундагы күрөө тамыры көөп, бери чыгып кетчүдөй болуп турчу. Мага аябай кызык көрүнүп, бир чети «тамыры качан жарылып чыгып кетет» деп аябай коркчумун.

Самара Каримова, ырчы:

— Алыскы Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Наркозу Батыров атындагы орто мектепте окугам. Биринчи мугалимим- өзүмдүн атамдын бир тууган иниси Турдали Каримов. Каримовдордун үй-бүлөсүн мугалимдер династиясы деп коюшат. Агайыбыз а деген арипти жаттатып, колунан келишинче окуучуларына болгон билимин берген.