Буту автобуска кыпчылып калган. Күн-Тууда жол кырсыгынан окуучу каза болду

17:53, 03 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектин четиндеги Күн-Туу айылында жол кырсыгынан окуучу каза болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Чүй ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн саат 16:00дө автобустун айдоочусу элди унаадан түшүрүп жаткан. 5-класстын окуучусу арткы эшиктен түшүп жатканда анын бир буту тыгылып калган.

«Айдоочу баланы көрбөй калып, автобусту айдап жөнөгөн. Кесепетинен бала дөңгөлөк алдында калып окуя болгон жерде жан берди», -деп айтылат маалыматта.