15:45, 03 октября 2019, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда мектеп окуучулары 4-ноябрда күзгү каникулга тарашат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуучулар 4-ноябрдан 11-ноябрга чейин эс алышат.
Кышында окуучулар 12 күнгө- 30-декабрдан 10-январга чейин эс алышат. Жазында 21-марттан 30-мартка чейин окушпайт. Биринчи класстын окуучулары үчүн үчүнчү чейректе кошумча бир жума эс алуу жарыяланат.