Сентябрда республикалык бюджеттин кассалык чыгашасы 10 миллиард сомдон ашты

14:22, 03 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Сентябрь айында республикалык бюджеттин ведомстволук классификация боюнча кассалык чыгашасы 10 миллиард сомдон ашты. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бюджеттик уюмдарда иштегендердин эмгек акысына — 1 миллиард 793 миллион 449,6 миң сом, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө — 794 миллион 657,7 миң сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө — 3 миллион 733,3 миң сом бөлүндү.

«Андан тышкары товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууга — 757 миллион 332,1 миң сом, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга — 114 миллион 52,4 миң сом, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөгө — 75 миллион 379,7 миң сом, мамлекеттик (тышкы жана ички) карызды тейлөөгө 2,7 миллиард сом жумшалды», -деп айтылат маалыматта.