Депутат Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусуна батир берүүнү сунуштады

11:11, 03 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Спортчу Айсулуу Тыныбекованын алтын медаль алышы- машыктыруучусунун жана меценаттардын көп жылдык эмгектеринин жыйынтыгы. Бул тууралуу парламенттин отурумунда вице-спикер Мирлан Бакиров билдирди.

«Күлүктү саяпкер таптайт дейт, машыктыруучу спортчуларды даярдайт. Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбековага 3 бөлмөлүү батир белек кылды. Бул эстафетаны өкмөт кабыл алып машыктыруучуга жок дегенде 1 бөлмөлүү батир белек кылсын. Бул Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына стимул болот», -деди Мирлан Бакиров.

Эске салсак, Нур-Султан шаарында Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында биринчиликти жеңип алган.