Орусияда кургак учукка кабылган студент Кыргызстанга жөнөтүлөт

09:59, 03 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Орусияда кургак учук аныкталган студент Кыргызстанга жөнөтүлөт. Бул тууралуу россиялык ЖМК маалымдады.

Студент Воронеж агрардык мамлекеттик университетинде 2-курста окуйт. Аны оорусу пландык медициналык кароонун алкагында аныкталган. Андан кийин курсташтары, сабак берген мугалимдер дагы текшерүүдөн өткөн.