Кыргызстандын аймагына күйүүчү майды мыйзамсыз ташып келип жүргөн топ аныкталды

09:55, 03 октября 2019, Бишкек - 24.kg

Талас облусунда Кыргызстандын аймагына күйүүчү майды мыйзамсыз ташып келип жүргөн топ аныкталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Чон-Капка-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунан топтошкон жүк ташуучу жана жеңил унаалар өткөнүн байкашкан. Алардын күнүнө 3-5 жолу Казакстандан Кыргызстанга каттаганы шек туудурган. Унаалар күйүүчү май алып өткөнү аныкталды.

«Унаалар чек арадан өтүп Манас районундагы Кызыл-Жылдыз айылына келип күйүүчү майды андан ары ишке ашыруу үчүн куюп берип жүрушкөн. 1-октябрда аталган аймактан жүк ташуучу унаа чыгып кеткен. Аны текшерүү маалында 3,7 миң литр бензин табылды. Керектүү документтери жок болуп чыкты», -деп айтылат маалыматта.