Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 12:37де жердин силкинүүсү Алай районунун Аю-Тапан жана Осоавиахим айылында 2,5 балл болуп сезилди.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.